Балалыгымда мен шок элем, Апамдын сөзүн укпайт элем. Балдарды, кыздарды коркутуп, Классыбыздын “көзүрү” элем. Ойноп-күлүп ал күндөр өттү, Дарактар саргайып күз өттү. Ошондогу эң биринчи кат, Жүрөгүмдө сүйүү ойготту.
Класстын эшиги чоң ачылып, Кирип келди жаңы классташым. Кар жылтырап кирпиктеринен, Эсимде калды көз карашың. Жылдар өттү, өттү балалык, Сүйүүбүздү сактай албадык. Бирок жазганда биринчи кат, Классташымдан мен күтөм кабар.