Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы текст песни
0 0
Караоке
Слова песни исполнителя Гүлназ Чыныбек кызы. Читайте текст онлайн с любого устройства — легко и удобно!

Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы текст песни

Текст песни


Чыныгы жүздөр менен
Чыры жок сөздөр менен
Жаркырап күлүп турган
Жайнаган көздөр менен
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы

Сагынган жүрөк менен
Эң жакшы тилек менен
Кучактап бекем кысып
Кубаттуу билек мн
Көрүшкөн кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы

Амандык болсун дешет
Бөксөлөр толсун дешет
Байырлап башыбызга
Бак дөөлөт консун дешет
Бар болсок кандай жакшы
Бар болгон кандай жакшы
Бар болсок кандай жакшы

Өйдөдө өбөк болуп
Ылдыйда жөлөк болуп
Туугандар жай турмушта
Жакшылык себеп болуп
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы

Комментарии (0)
Добавить
Если вдруг заметили опечатку, или просто хотите подправить что-то, не стесняйтесь и пишите в комментариях. Мы все тут за безупречный текст!

АудиоТекст » Поп-музыка » Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы текст песни