Нурлан Насип - Данегим текст песни

Кичинекей менин жүрөгүм,
Көксөп күткөн анык тилегим.
Жыттап тойбойм, эркем жытыңа,
Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн.
Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн.
Бардыгынан билсең, артык көрөмүн.

Кайырма:
Атасынын данеги, сен кызым,
Апасынын кареги, сен кызым.
Балбылдаган көздөрүңдөн,
Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым.

Өскөнүңдө гүлдөй ачылып,
Көрүү үчүн келем шашылып.
«Атакелеп» тоссоң алдыман,
Чарчаганым калат жазылып.
Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм,
Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң.

Кайырма:

Главная » Поп-музыка » Нурлан Насип - Данегим текст песни