Гулжигит Сатыбеков - Өмүргө келесиң | Текст песни
0 0
Караоке
Слова песни исполнителя Гулжигит Сатыбеков. Читайте текст онлайн с любого устройства — легко и удобно!

Гулжигит Сатыбеков - Өмүргө келесиң | Текст песни

Текст песни


Өмүргө келесиң баарына көнөсүң
Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың
От болуп жанасың алоолоп өчөсүң
Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң
Жашоого жаралып эх байоо балалык
Чоңойсом экен деп улам бир таянып
Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң
Балалык айылынан алыстап кетесиң

Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да

Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң
Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң
Жайылып кулачың дос тууган курасың
Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың
Ай жылдар агылып байкатпай камынып
Жолуңан жолуугар буюрса карылык
Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген
Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген

Комментарии (0)
Добавить
Если вдруг заметили опечатку, или просто хотите подправить что-то, не стесняйтесь и пишите в комментариях. Мы все тут за безупречный текст!

АудиоТекст » Слова песни » Гулжигит Сатыбеков - Өмүргө келесиң | Текст песни